Атамбаев Катардын эмири менен жекеме жеке жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Катар мамлекетинин эмири Тамим Хамад Аль Тани менен жолугушуу учурунда.
Президент Алмазбек Атамбаев Катар мамлекетинин эмири Тамим Хамад Аль Тани менен жолугушуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Катарга иш сапары менен кечээ келди. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланмакчы.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Катарга болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттин эмири Тамим Хамад Аль Тани менен жолугушканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев Катар эмири менен инвестиция, соода жаатында кызматташууну талкуулайт
Жолугушууда эмир Атамбаев менен дагы бир ирет көрүшкөнүнө кубанычта экенин билдирип, кыргыз-катар кызматташуусун өнүктүрүү маселелерин талкууга даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Кыргызстандын президенти эмирдин жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Андан соң Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана республиканын акыркы жылдардагы жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары, эки тараптуу кызматташуунун көп кырдуулугу талкууланып, жетекчилердин сүйлөшүүсү жекеме жеке форматында өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0