Атамбаев Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин ачылышына катышты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Кувейт мамлекетине болгон иш сапар учурунда. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев Кувейт мамлекетине болгон иш сапар учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент андан аркы сапарын Катар өлкөсүнө улантты.

БИШКЕК, 14-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кувейттеги Кыргызстандын элчилигинин ачылышына катышты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Атамбаев: араб бир туугандар Кыргызстанга келип кетсе, абдан ыраазы болот элек
Мамлекет башчысы дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратын кыдырып көрүп, анын кызматкерлери менен пикир алышты.

Салтанатка Кувейттин вице-премьер-министри – Тышкы иштер министри Шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах жана КРдин ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев катышты. 

Атамбаев андан ары сапарын Катар өлкөсүнө улантты.

Жаңылыктар түрмөгү
0