Бишкекте парламенттин демилгеси менен сот реформасы талкууланат

CC0 / Joe Gratz / Courtroom One GavelСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент мындан бир нече апта мурда учурда өлкөдө жүрүп жаткан сот реформасына ыраазы эместигин билдирген.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада сот реформасынын айрым маселелерин талкуулаган тегерек стол өтөт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Талкууну ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети демилгелеп, уюштурду.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө жүрүп жаткан сот реформасына, соттордун тандоо кеңешинин жана Конституциялык палатанын ишине ыраазы эместигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0