Жыргалбек Саматов акыры ЖК депутаты болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналистов в экстравагантной одежде не пустят в здание Жогорку Кенеша
Журналистов в экстравагантной одежде не пустят в здание Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат болгон Саматов менен чыр-чатак уюмдун юристтери анын Россиянын жараны экенин жар салгандан кийин башталган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Жыргалбек Саматовду эл өкүлү деп тааныганын Sputnik агенттигине БШК билдирди.

Буга чейин комиссия Саматовду Россиянын жараны деген жүйө менен депутат катары каттоодон баш тарткан. Макул болбогон Саматов сотко кайрылган. Жогорку сот "Республика — Ата-Журт" партиясынын тизмесинде экенин тастыктап, БШКнын чечимин жокко чыгарган.

Портфель кармаган чиновник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыргалбек Саматов депутат болуп келмей болду
Шаардын Биринчи Май райондук соту талапкердин доосунун негизинде Боршайком Саматовду депутат катары каттоодон баш тартып мыйзам бузуп жатканын билдирген.

БШКнын маалыматы боюнча комиссия Биринчи Май райондук соттун чечимин аткарып, Саматовдун маселесин үч күндүн ичинде чечип берген.

Парламенттеги ордунан Саматовдун ордуна депутат болуп келген Болотбек Ибраимжанов кол жууп, тизмедеги кийинки талапкер болуп калды. 

"Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат болгон Саматов менен чыр-чатак уюмдун юристтери анын Россиянын жараны экенин жар салгандан кийин башталган. 

Кыргызстанда 4-октябрь күнү парламенттик шайлоо өтүп, натыйжада КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиялары жеңишке жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0