Анжиянда кыргыз-өзбек чек арачылары ийри отуруп, түз кеңешет

Жазылуу
Жыйын жүрүшүндө тараптар 2015-жыл ичинде чек араны коргоо боюнча биргелешкен аракетке баа берип, кыргыз-өзбек чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулайт. Мындан тышкары, 2016-жылга биргелешкен иш-чаралардын планы бекитилмекчи.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы көйгөйлүү маселелер Анжиян шаарында эки тараптуу талкууга алына турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Кыргыз-казак чек ара пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөл алынды
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп, жыйын өткөрөт. 

Кыргыз делегациясын Мамлекеттик чек ар кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев жетектесе, өзбек тарапты УКК Чек ара аскеринин командачысы Рустам Эминжанов баштоодо.

Жыйын жүрүшүндө тараптар 2015-жыл ичинде чек араны коргоо боюнча биргелешкен аракетке баа берип, кыргыз-өзбек чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулайт. Мындан тышкары, 2016-жылга биргелешкен иш-чаралардын планы бекитилмекчи.

Иш-чаранын көңүл чордонунда аскердик жана саясий абалды эске алуу менен чек арадагы бүгүнкү күндүн кооптуу чакырыктарына каршы биргелешкен аракеттер талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0