Нарын облусунун жетекчиси айыл өкмөт башчыларын намыска келүүгө чакырды

Жазылуу
Аманбай Кайыпов 30-ноябрда Жумгал районунун Чаек айылында көчмө жыйын өткөрүп, ага облустун мекеме-жетекчилери, райондогу айыл өкмөттөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Жумгал районундагы айыл өкмөт башчыларын намыска келип, элден качпай чын ниети менен иштөөгө чакырды. Бул өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Куруучу имаратты оңдоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарындын Рыскулов атындагы театрына президенттин тапшырмасы менен 25 миң сом бөлүнөт
Кайыпов 30-ноябрда Жумгал районунун Чаек айылында көчмө жыйын өткөрүп, ага облустун мекеме-жетекчилери, райондогу айыл өкмөттөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде 2013-2017-жылдарда КРдин туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук статегиясы боюнча ар бир айыл аймактарда түзүлгөн "жол карталарынын" аткарылышы каралган. 

"Жыйын жүрүшүндө айрым айыл өкмөт башчылары айткан маалыматтар кагаз жүзүндө берилген маалыматка дал келбей, карамагындагы аймакта толук камдуу иш жок экени ачыкталып чыкты", — деп жазылат маалыматта. 

Кайыпов район жетекчилигин, шалаакы мамиле жасаган айыл өкмөт башчыларын сынга алып, кийинки жылда көзөмөл мындан катуу болорун эскертти.

"Отчет сурасак 13 айыл өкмөт башчыларынын 5-6 гана жооп бере алды. Калганыңар эмне жазганыңарды өзүңөр дале түшүнбөй жүрүптүрсүңөр ", — деп Кайыпов сынга алды.

Жыйын соңунда облус жетекчиси кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырма берип, райондук мекеме жетекчилерине талап дагы күчөрүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0