Спорт мектебинин жетектөө №38 мектептин мурунку завучуна тапшырылды

Жазылуу
Училищенин буга чейинки директору "Аламүдүн-1" кичи районундагы №38 мектеп менен болгон чыр-чатактан кийин кызматынан алынган.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайын жетектөө милдети Айнура Шакиралиевага жүктөлгөнүн Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Окуу жайдын мурунку директору Муратбек Кыбраев спорт мектебинин тарбиялануучуларынын №38 мектепке кол салуусунан жана эки мектеп окуучуларынын бычакташуусунан кийин кызматтан четтетилген. 

Шакиралиева 1995-жылдан 2006-жылга чейин №38 мектептин окуу-тарбиялык шитер боюнча директордун орун басары болуп иштеп келген. Мындан тышкары, Бишкектеги бала бакчанын бирин, андан кийин Чүй облусундагы орто мектепти жетектеп келген. Билим берүүнүн отличниги.

Сабак учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спорт мектеби таланттуу балдардын окуу жайына айланат
Ал эми училищенин спорт боюнча директордун орун басарлыгына Азамат Жарматов дайындалды. 

Буга чейин №38 мектепке кол салууга шектелип 47 тарбиялануучу кармалган. 21-октябрь күнү соттук чечими менен кол салууну уюштурду делип камакка алынган үч тарбиялануучу Вознесеновка айылындагы тарбиялоочу-эмгек колониясына жөнөтүлсө, 18 жашка чыккан эки бала №1 түрмөгө камалган. Училищеде окуу 9-ноябрга чейин убактылуу токтотулган.

Мындан тышкары, Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайы таланттуу балдар үчүн спорт мектеби болуп кайра түзүлө турганы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0