Атамбаев депутаттарга: кийинки президенттик шайлоодо элдин убалына калбайлы

Жазылуу
Мамлекет башчысы бир катар мыйзамдагы мүчүлүштүктөр, Конституциядагы кемчиликтер өлкө өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткандыгына токтолду.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ЖКда өкмөттүн ант берүү учурунда сүйлөп жатып Кыргызстан толугу менен парламенттик башкарууга өтүшү зарылдыгын айтты.

"Мыйзам чыгаруу иштериндеги кемчиликтер өлкөнүн өсүшүнө, мыйзам чыгарууга залакасын тийгизип жатат. Мен деле билмексен болуп, эки жыл отуруп кете берсем болмок, бирок, өлкөнүн келечеги түздөн-түз бул маселелердин чечилишине байланып турат. Мыйзамдагы мүчүлүштүктөр, Конституциядагы кемчиликтер өлкө өнүгүшүнө тоскоол болуп жатат", — деди Атамбаев.

Азыркы Баш мыйзамда бир катар карама-каршылыктар бар экендигин айткан мамлекет башчысы бул боюнча жаңы келген эл өкүлдөрүнө кайрылды.

"Азыркы Конституциядан жылчык таап, буйтап өтө турган "тың" жигиттер жок эмес… Президенттик укугун азайтып, накта парламенттик башкарууга өтүп баштоо зарыл. Болбосо элдин убалына калышыбыз мүмкүн. Өзүңөр да бул маселени кылдат, жакшылап карап, анан элдин талкуусуна коюшуңар керек", — деди президент.

Кыргызстандын президенттик шайлоо 2017-жылы өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0