Депутат Сариевге оппозициянын идеяларын пайдаланууну сунуштады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова. Архив
Республика — Ата-Журт фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк коалициясынын атаандаштары бир катар тармактарды биргеликте өнүктүрүүгө дилгир. Алтынай Өмүрбекованын айтымында, бул инфраструктура, инвестиция тартуу жана миграцияны жөнгө салуу чөйрөлөрү болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Өкмөттүн программасында оппозициянын идеялары үчүн да орун табылат деген ишеним бар экенин билдирип "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова премьер-министрликке талапкер Темир Сариевге кайрылды.

Анын айтымында, талапкердин программасында оппозиция менен тыгыз иштешүү айтылган.

"Биз көптөгөн тармактарды чогуу өнүктүрөлү деген ниеттебиз. Бул инфраструктура, инвестиция тартуу жана миграцияны жөнгө салуу чөйрөлөрү болушу мүмкүн", — деди депутат.

Анын кесиптеши "Бир Бол" фракциясынан депутат болуп келген Чолпон Жакупова өкмөткө чет жакта иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттарды унутпоону сунуштады. 

Жакупованын айтымында, өкмөт мигранттардын маселесин улам эле тигил же бул мекемеге өткөрүп бере бергени түшүнүксүз.

"Алгач аны эмгекке жабыштырып, анан жаштарга кошуп коюшту. Эми кызмат болуп калыптыр. Менде өкмөт деги эле миграция менен эмне кыларын билбейт окшойт деген ой пайда болууда", — деди эл өкүлү.

Депутат миграция менен түздөн-түз ИИМ иш алып барышы керектигин, биометрикалык маалымат чогултуунун алкагында Кыргызстандын жарандары паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен камсыздалышы керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0