Сариев ЖКга өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысына талапкер Сариев өкмөттүн курамы өзгөрүүгө көп учурабагандыгын айтты.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылыкка сунуштаган Темир Сариев учурда парламентте өзүнүн прораммасы боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат. 

Ал өкмөттүн курамы менен депутаттарды тааныштырып, биринчи вице-премьер-министрликке Аалы Карашев, Экономика жана инвестиция маселелери боюнча вице-премьерликке Олег Панкратов, Социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке Гүлмира Кудайбердиева сунушталганын билдирди. Андан ары маалымат берип, өкмөттүн курамы өзгөрүүгө көп учурабагандыгын айтты. 

"Негизги курамды сактап калдык. Эл арасында да өкмөткө иштегенге убакыт бербейсиңер деген сын-пикилер айтылып келет. Бул эске алынды. Мен өкмөттүн мындан аркы иштери боюнча жоопкерчиликти толук мойнума алам", — деди Сариев.

Ал келерки эки жылда өкмөттүн көздөгөн негизги максаты – инфраструктураны өнүктүрүү жана экономиканы турукташтыруу, Кыргызстанга каржылык инвестицияларды тартуу экендигин айтты. 

Сариев сунуштаган төмөнкү курамды депутаттар талкуулап жатат:

 

  • Экономика жана өнөр жай министрлиги — Арзыбек Кожошев
  • Ички иштер министрлиги – Мелис Турганбаев 
  • Юстиция министерлиги– Жылдыз Мамбеталиева 
  • Каржы министрлиги – Адылбек Касымалиев
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги – Кубатбек Боронов 
  • Социалдык өнүктүрүү министрлиги – Кудайберген Базарбаев, 
  • Билим берүү жана илим министрлиги — Элвира Сариева 
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги — Алтынбек Максутов
  • Саламаттык сактоо министрлиги – Талантбек Батыралиев
  • Транспорт жана байланыш министрлиги – Аргынбек Малабаев
  • Айыл чарба жана мелиорация министрлиги – Турдуназир Бекбоев
  • Тышкы иштер министрлиги — Эрлан Абыдлдаев
  • УКМК – Бусурманкул Табалдиев.

 

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетти жетектөөгө ким сунушталары азырынча белгисиз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0