Жээнбеков: спикерликке шайланып калсам, мага чоң милдет жүктөлөрүн түшүнүп турам

© Sputnik / Табылды КадырбековПарламенттеги көпчүлүк коалиция ЖКнын төрагалагына мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков. Архив
Парламенттеги көпчүлүк коалиция ЖКнын төрагалагына мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламент бүгүнкү жыйында ЖК спикерин жана анын орун басарларын, комитет жетекчилерин шайлап, өкмөттүн башчысын жана анын курамын, программасын бекитмекчи.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Парламенттеги көпчүлүк коалиция ЖКнын спикерлигине мурдагы төрага Асылбек Жээнбековди сунуштады.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламентте көпчүлүк коалиция түзүлгөндүгү расмий жарыяланды
Парламент бүгүнкү жыйында ЖК спикерин жана анын орун басарларын, комитет жетекчилерин шайлап, өкмөттүн башчысын жана анын курамын, программасын бекитмекчи.

Көпчүлүк коалициянын лидери Турсунбековдун айтымында, ага кирген төрт фракция Жээнбековдун талапкерлигин колдойт. Аны оппозициялык фракциялардын бири да колдогондугун айтты.

"Шайланып калсам, мага чоң милдет жүктөлөрүн түшүнүп турам. Бул сапар фракциялардын конструктивдүү кызматташуусу өзөгөчө мааниге ээ болот. Алардын иши бир багытка буруу оңой болбойт. Бизде бул жагынан башкалардын ала турган тажрыйба жок, аныктан өзүбүзгө өзүбүз таянып иштешибиз керек", — деди Жээнбеков.

Көпчүлүк коалиция төрт — КСДП, "Кыргызстан"," Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Мекен" фракцияларынан, ал эми азчылык коалиция эки — "Бир бол", "Республика-Ата-Журт" фракцияларынан түзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0