Коалиция тогуз комитеттин төртөөнүн гана башчысын аныктады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кенештеги депутаттын жумуш орду. Архив
Жогорку Кенештеги депутаттын жумуш орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда комитет төрагаларын "Кыргызстан", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары гана дайындады.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өз ара комитеттерди бөлүшүп, алардын төрагалыгына талапкерлерди аныктай турганын Sputnik агенттигине парламенттеги булак билдирди.

Коалиция: өкмөттүн курамын премьер-министр өзү түзөт
Буга чейин 14 комитет тогузга чейин кыскарып, айрымдары багыты боюнча бириктириле турганы айтылган. 

Мында экономика жана фискалдык саясат комитети жана коргоо, коопсуздук, эл аралык иштер боюнча комитеттер "Кыргызстан" партиясынын шыбагасына тийип, аларды Нурланбек Макеев менен Алмазбек Баатырбеков жетектемей болду.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясы агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетин ээледи. Ага Мирлан Бакировдун төрагалык кылышы ыктымал.

Билим берүү, илим, маданият, спорт жана социалдык саясат боюнча комитет "Ата Мекен" фракциясына берилип, аны Наталья Никитенконун жеттекши күтүлүүдө.

Кайсы фракцияга кайры комитеттин бөлүштүрүлгөндүгү тууралуу болжолдуу маалымат:

  • Бюджет жана финансы комитети ("Бир Бол");
  • Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөш ("Республика");
  • Коргоо, коопсуздук жана эл аралык иштер боюнча комитет ("Кыргызстан")
  • Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитет ("Кыргызстан")
  • Адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселе жана депутаттык этика боюнча комитет (КСДП);
  • Билим берүү, илим, маданият, спорт жана социалдык саясат боюнча комитет ("Ата Мекен"); 
  • Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети (КСДП);
  • Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети ("Өнүгүү — Прогресс").

Ак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн жаңы курамында Коргоо, Энергетика жана Жаштар министрликтери болбойт
Мындан тышкары, "Кыргызстан" фракциясы экономика жана өнөр жай министрин дайындап, аталган мекемени партиянын өкүлү финансы министринин мурунку орун басары Арзыбек Кожошевдин жетектери күтүлүүдө.

Буга чейин ЖКдагы булак өз орундарында юстиция министри Жылдыз Мамбеталиев, социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев, билим берүү жана илим министри Элвира Сариеванын калары айтылган.

Маектеш билдиргендей, министрлик, агенттик жана башка мекемелердин жетекчилери боюнча макулдашуулар жүрүүдө.

Коалициялык макулдашууга кол коюу аземинде премьер-министр өкмөт курамын өзү түзө турганы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0