Жон Кери Кыргызстан деле "Ислам мамлекетинен" куру эместигин айтты

© Sputnik / Михаил Палинчак / Медиабанкка өтүүАКШ мамкатчысы Жон Керри. Архив
АКШ мамкатчысы Жон Керри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ мамкатчысы Керри Борбор Азияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстанга ишемби күнү келди.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. АКШ мамкатчысы Жон Керри "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында кыргызстандыктар да согушуп жүргөнүн эске салды. Ал мындай билдирүүнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 31-октябрда болгон брифинг учурунда жаган.

"Ислам мамлекети" бардыгыбыз үчүн коркунуч жаратары шексиз. Алар бул аймакты эле эмес, Ливия менен Афганистанды дагы кучагына алууну көздөйт. Эгер кимде-ким ал жашоого коркунуч туудурбайт десе, демек, ал эмне болуп жатканына көз салган жери жок", — деди Керри.

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ФБР: АКШнын штаттары да "Ислам мамлекетинен" куру калган эмес
Ал ошондой эле эл арасындагы үгүт иштеринин жүрүүсүнө бөгөт коюу менен Кыргызстан дагы "Ислам мамлекетин" жок кылууга катыша аларын айтты. Керри "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында кыргызстандыктар да бар экенин кошумчалады. 

Жон Керри Кыргызстанга болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында өлкө президенти Алмазбек Атамбаев жолукту.

КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен кызматташуу жолдорун талкуулап, биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү. 

Брифингде жана КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Керри менен Атамбаевдин жолугушуусу эки өлкөнүн мындан аркы мамилесинде урунттуу учур болуп калганын айтты. 

"Жолугушуулар абдан пайдалуу жана эки мамлекеттин мындан аркы мамилелеринде урунттуу учур болду", — деди Абдылдаев.

Ал ошондой эле, Афганистандагы абал боюнча сүйлөшүү болгонун кошумчалады.

"Афганистандын түндүгүндө болуп жаткан окуялар бизди да тынчсыздандырат. Биз өз ара аракеттенүү боюнча сүйлөштүк. Эртең Самаркандда "Борбор Азия + АКШ" аттуу жолугушуу болот. Бирге күрөшүү үчүн бардык мамлекеттердин аракеттери болушу кажет", — деди Абдылдаев.

Жон Керри өз кезегинде АКШ менен 65 мамлекет терроризм менен күрөшүү үчүн коалицияга бириккенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0