Сариев терроризмдин Борбор Азия жана КМШга бүлүк салышына жол берилбейт деди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТемир Сариев КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында.
Темир Сариев КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Душанбе шаарында КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев терроризмдин Борбор Азия жана КМШга бүлүк салышына жол берилбей турганын КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал Кыргызстан КМШ мамлекеттерине мүчө өлкөлөр менен болгон кызматташтыкты мындан да арттырууга аракет кыларын билдирди.

"Биз бүгүн КМШдагы Антитеррордук борбордун жетекчисинин жетекчисинин орун басары Марат Абдраевдин ыйгарым укуктарын узарттык. Бул борбор өз ишмердиги учурунда эл аралык терроризм менен күрөшүүдө шериктештиктеги негизги жумушчу орган экенин көрсөтө алды. Андыктан биз бул кооптонуулар Борбор Азия жана КМШдагы туруктуулукка бүлүк салбашы үчүн бардык аракетти көрөбүз", — деди ал.

Сариев КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны кызматташуудагы актуалдуу делген маселелерде пикир алышып, бир бүтүмгө келүүгө негиз болуп бере алат деди.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан 2016-жылы КМШда төрага кыла тургандыгы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0