Япониянын премьер-министри Бишкекке келди

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүЯпониянын премьер-министри Синдзо Абэ. Архив
Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку даражалуу конокту аэропорттон өкмөт башчы Темир Сариев тосуп алды.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Бишкекке келди. "Манас" аэропортунан аны кыргыз өкмөт башчысы Темир Сариев тосуп алды. 

Япониянын премьер-министри 22-28-октябрь күндөрү Монголия жана Борбор Азия мамлекеттерин кыдырып чыкмакчы. Ал өз иш сапарынын алкагында Кыргызстандан тышкары, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндө болду. 

Синдзо Абэнин Кыргызстанга болгон сапары алкагында  өкмөттөр аралык жети документке жана эки меморандумуна кол коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0