Исмаилова: "Республика — Ата-Журт" фракциясында иштейм

© Sputnik / Табылды КадырбековДепуттаттын Жогорку Кенештеги жумуш орду. Архив
Депуттаттын Жогорку Кенештеги жумуш орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин тизмеде 20-орунда турган Исмаилованы манданттан баш тартуу боюнча жазылган арыздын негизинде БШК талапкерлердин катарынан чыгарган. Арыз жазбаганын билдирген талапкер сотко кайрылып, бул боюнча ИИМ кылмыш ишин козгогон.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жогорку сот Аида Исмаилованы "Республика — Ата-Журт" партиясынан талапкерлердин тизмесинен алуу боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарды.

Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
РАЖ Исмаилова партиянын 10 млн. сомдук абийирин төктү деп эсептейт
Жекшемби күнү ИИМ "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Аида Исмаилованын мандаттан баш тартуу боюнча жазган арызынын жасалмалуулугу боюнча кылмыш ишин козгогон.

Исмаилованын Sputnik агенттигине билдиргени боюнча, анын доо арызы Жогорку сотко жөнөтүлгөн. Арыз ээси эми ал автоматтык түрдө РАЖ партиясынан талапкерлердин тизмесине киргизилиши керектигин белгиледи.

"Мен кандай гана болбосун парламентте аталган партиянын фракциясы менен иштешем. Мунун баарын мен электорат үчүн жасап жатам. Ушу кезге чейин тынчсызданып чалган шайлоочуларымдын аягы үзүлө элек", — деди Исмаилова.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
РАЖ партиясынан талапкердин арызын жасалмалоо боюнча кылмыш иши козголду
Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Анда РАЖ экинчи орунда болуп 28 мандатка ээ болгон. Тизмеде 20-орунда турган Исмаилованы манданттан баш тартуу боюнча жазылган арыздын негизинде БШК аны талапкерлердин катарынан чыгарган. Арыз жазбаганын билдирген Исмаилова сотко кайрылып, бул боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми РАЖ Исмаиловага карата сотко тосмо арыз менен кайрылып, келтирилген моралдык зыяндын көлөмүн 10 миллион сомго баалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0