РАЖ Исмаилова партиянын 10 млн. сомдук абийирин төктү деп эсептейт

Жазылуу
"Республика – Ата-Журт" партиясы өз талапкери Аида Исмаилованы сотко берүүдө. Уюм экс-талапкерди партияны документ жасалмалады деп айыптап кадыр-баркына шек келтирди дейт.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. "Республика – Ата-Журт" партиясы өзүнүн талапкери Аида Исмаилованы келтирген материалдык зыяны үчүн 10 миллион сом өндүрүү талабы менен сотко кайрылды.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
РАЖ партиясынан талапкердин арызын жасалмалоо боюнча кылмыш иши козголду
Жекшемби күнү ИИМ "Республика – Ата-Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Исмаилованын арызынын негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага ылайык, талапкердин атынан белгисиз бирөө мандаттан баш тартуу боюнча арыз жазган.

Партия Исмаилованын тастыкталбаган жана жалган маалыматтарынын негизинде мыйзамсыз кылмыш иши козголгону боюнча ИИМ жана Башкы прокуратурага тосмо арыз менен кайрылды.

Партиянын маалымат кызматы уюм талапкерлердин жасалма арызы тууралуу айтылгандарды четке кагууда. Далил катары партия Исмаилованын жетиштүү добуш ала албай калса, тизмеден чыга тургандыгын убада кылган видео жазууну көрсөтүүдө.

"Партия талапкерлердин ички рейтингин аныктаган адилеттүү система менен иш алып барды. Мында талапкерлердин жоопкер аймагынан алган добушу эсепке алынды", — деп түшүндүрмө берди аталган саясий уюм.

РАЖ Исмаилова өз участогунан тийиштүү көлөмдө добуш ала албаганын билдирүүдө. Анын айтымында, мындан улам, доочунун суу кечпеген айыбы партиянын кадыр-баркына шек келтирип жатат.

Буга чейин БШК шайлоо жыйынтыгы менен жеңүүчү аталган партиялардын депутаттыктан баш тарткан талапкерлеринин арызын канааттандырып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0