БШК шайлоо жыйынтыгын жарыялоого даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участкасында добуш берүү. Архив
Шайлоо участкасында добуш берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактык шайлоо комиссияларынын баары өз протоколдорун БШКга жөнөткөн.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык аймактардан жыйноону аяктап, расмий жыйынтыкты жарыялоого даяр экенин БШК мүчөсү Нурмамат Ашимов билдирди.

Анын айтымында, бюллетендер бардык аймакта колго саналып бүттү. Учурда протоколдор иштелип чыгууда.

"Акыркы сөздү БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйында айтат", — деди өкүл.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өтүп, анда 1,5 миллион жаран добуш берди. Алдын ала маалымат боюнча, шайлоодо алты саясий партия Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында иштөө укугун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0