Путин Атамбаевди шайлоо кампаниясынын аякташы менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРоссиянын президенти Владимир Путин жана Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Сочиде.
Россиянын президенти Владимир Путин жана Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Сочиде. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо демократиялык мамлекеттердин бардык талаптарына ылайык өттү деп белгиледи россиялык лидер.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди парламенттик шайлоонун аякташы менен куттуктады. 

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октбярь күнү өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, анда КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир бол" жана "Ата Мекен" партиялары жеңишке жетти.

Сочиде өткөн эки президенттин жолугушуусунда Путин Кыргызстандагы шайлоо демократиялык мамлекеттердин бардык талаптарына ылайык өткөнүн белгиледи.

"Мен, биринчи кезекте, сизди шайлоонун жыйынтыгы үчүн эмес, анын жогорку деңгээлде — эл аралык уюмдардын талабына жана демократиялык мамлекеттердин салтына ылайык өтүшү менен куттуктагым келет. Сизге, жаңы депутаттык корпуска жана жалпы Кыргызстанга бардык максаттардын орундалышын каалайм", — деди Россиянын президенти.

Кыргызстанда биринчи жолу биометриянын негизинде парламенттик шайлоо өттү. Добуш берүүчүлөрдүн базасы 2 миллион 670 миң 480 жарандын маалыматынын негизинде түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0