Жогорку Кеӊештин V чакырылышы акыркы ирет 15-октябрда чогулуп, өз ишин жыйынтыктайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКомпьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив
Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурдагы парламент өз ишин 2015-жылдын 10-октябрында баштаган жана беш фракциядан турган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. V чакырылыштагы Жогорку Кеӊешинин ишинин расмий жабылуу аземи 15-октябрь күнү саат тогуз жарымда болот деп билдирди парламенттин маалымат кызматы.

Учурдагы парламент өз ишин 2010-жылдын 10-октябрында баштаган жана беш фракциядан турган. 

Алдын ала жыйынтыктар боюнча кайсы талапкерлер депутат болот?
2010-жылдагы парламенттик шайлоонун натыйжалары боюнча беш саясий партия жеңип чыккан. Парламенттеги 120 депутаттык мандат ар бир партияга 18 мандаттан 28 мандатка чейин бөлүштүрүлгөн. Жогорку Кеңешке "Ата-Журт" партиясы – 28 мандат; Кыргызстан социал-демократиялык партиясы – 26, "Ар-Намыс" – 25, "Республика" – 23, "Ата Мекен" – 18 мандат менен келген.

Беш жыл ичинде премьер-министр беш ирет алмашып, беш ирет коалиция түзүлүп, өкмөт курамы толугу менен эки жолу өзгөрдү. 

Аталган убакыт ичинде 15ке чукул парламентрийлерге кылмыш иши козголуп, алардын көпчүлүгүн сот жообуна тартууга депутаттардын өздөрү жол берген жок. 

Улуттук курамы боюнча Жогорку Кеңеште кыргыздар, орустар, казактар, украиндер, өзбектер, карачайлар, уйгурлар, дунгандар, корейлер бар. Парламентте гендердик тең салмактуулук сакталган.

Бешинчи чакырылыштын депутаттарын жакында болуп өткөн парламенттик шайлоо жыйынтыгында мандатка ээ болгон алтынчы чакырылыштын депутаттары алмаштырмакчы. Бул сапаркы парламентке алты партия — КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" өттү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0