БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 5-октябрь күнү президент Александр Лукашенкого ишеним грамоталарын тапшырганын Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Лукашенко Кыргызстандын Белоруссия менен дипломатиялык мамилелерин калыбына келтирүү ниетин колдой турганын белгиледи.
"Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу менен эки мамлекеттин өнүгүшү үчүн потенциалын кеңири пайдалануу керек", — деди өлкө башчы.
Президент Өмүралиевди парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, эки мамлекеттин кызматташуусун өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.