Чыныбай Турсунбеков: биз мындай жыйынтыкты күткөнбүз

© Фото / пресс-служба ЖК КРКыргызстан Социал Демократтар партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Архив
Кыргызстан Социал Демократтар партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын жыйынтыгы боюнча алты партия жети пайыздык босогодон өтүп, КСДП партиясы лидерликте турат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстан Социал Демократтар партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков мындай жыйынтык алардын ишинин жемиши экендигин айтып, шайлоочуларга ыраазычылык билдирди. 

"Биз муну күткөнбүз, себеби, жер-жерлерде барып иштеп, элге түшүндүргөнбүз. Азыр жыйынтыкты көрүп отуруп, албетте, кубанычтабыз. Муну менен катар элге, шайлоочуларга ыраазычылык билдиребиз. Мен азыркы парламенттик шайлоо таза жана ачык түрдө өттү деп айта алам", — деди  Турсунбеков. 

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча КСДП партиясы 26,84 пайыз менен алдыда келе жатат.

Электрондук урналар тарабынан автоматтык түрдө саналган добуштардын санын Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0