БШК: шайлоо күнү сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялоого тыюу салынат

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов в Жогорку Кенеш 2015
Ход выборов в Жогорку Кенеш 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссия мыйзам боюнча, шайлоо күнү сурамжылоо жүргүзүүгө жол берилгенине карабай, анын жыйынтыгын жана шайлоонун алдын ала божомолун шайлоого беш күн калганда жана добуш берер күнү жарыялоого тыюу салынарын белгилейт.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Шайлоо боюнча коомдук пикирди билүү үчүн сурамжылоо жүргүзүүчү экзит поллго (exit-poll) шайлоо күнү анын жыйынтыгын жарыялоого тыюу салына турганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Комиссия "КР президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, шайлоо күнү сурамжылоо жүргүзүүгө жол берилгенине карабай, анын жыйынтыгын жана шайлоонун алдын ала божомолун шайлоого беш күн калганда жана добуш берер күнү жарыялоого тыюу салынарын эскеретет.

Бул мыйзамды бузгандык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0