БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Шайлоо боюнча коомдук пикирди билүү үчүн сурамжылоо жүргүзүүчү экзит поллго (exit-poll) шайлоо күнү анын жыйынтыгын жарыялоого тыюу салына турганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Комиссия "КР президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, шайлоо күнү сурамжылоо жүргүзүүгө жол берилгенине карабай, анын жыйынтыгын жана шайлоонун алдын ала божомолун шайлоого беш күн калганда жана добуш берер күнү жарыялоого тыюу салынарын эскеретет.
Бул мыйзамды бузгандык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.