Адвокат: БШК Ташиев боюнча чечим кабыл алуу менен өз укуктарын аша чапты

© AFP / JILDIZ BEKBAEVAКамчыбек Ташиев. Архив
Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өнөктүгү кандай өтүп жатканын текшериши керек. Анын талапкерлердин аракети боюнча токтом кабыл алууга укугу жок экенин сот учурунда "Республика — Ата-Журт" партиясынын адвокаты Айжан Орозакунова билдирди.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкер Камчыбек Ташиевдин аракетине же Абдыманап Абдыбахаповдун денесине келтирилген залал боюнча эч кандай баа бербеши керектигин сот учурунда "Республика — Ата-Журт" партиясынын адвокаты Айжан Орозакунова билдирди.

Ташиевди шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү чечимин Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбү күнү, 28-сентябрда кабыл алган. БШКнын мындай кадамга барышына Ташиевдин "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Абдыманап Абдыбахапов менен болгон мушташына карата козголгон кылмыш иши болгон. Окуя өткөн ишемби күнү, 26-сентябрда болгон. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлү учурда ооруканада дарыланууда.

"Ташиевдин аракеттерине баа берүү үчүн тергөө органдары бар. Ал эми Абдыбахаповдун ден соолугуна баа берүү үчүн Саламаттык сактоо органдары бар. БШК шайлоо процесстери кандай өтүп жатканына көз салышы керек. Алар мындай токтомдорду кабыл алууга укугу жок", — деди Орозакунова.

Ал ошондой эле, БШК мындай аракети менен шайлоо өнөктөштүгүнө толук катышуу укугун бузуп жатат деп эсептерин кошумчалады.

Сотко төрагалык кылган Алмаз Калыбаев сот отурумун видео, фотого тартууга уруксат берген жок.

"Сот отуруму ачык, бирок жыйында видео, фотого тартууга тыюу салынат. Аудио жаздырууга уруксат", — деди Калыбаев.

Сот Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда өтүүдө. Ташиев өзү сотко келген жок. Анын кызыкчылыгын "Республика — Ата-Журт" партиясынын өкүлдөрү коргоп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0