04:26 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архив

КР ТИМ башчысы БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко кетти

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
73 0 0

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапары күздө болчу шайлоодон улам токтотулган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жумушчу иш сапары менен Нью-Йорк шаарына учуп кеткенин министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Абдылдаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 70-юбилейлик жыйынына жана Чыгыш мамлекеттерин өнүктүрүү саммитине катышат.

Буга чейин БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да бармак, бирок күзүндө болуучу шайлоодон улам АКШга карай жумушчу иш сапарын токтоткон. 

БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-юбилейлик жыйынында 170 маселе каралат. Анын ичинде тынчтык, коопсуздук, куралдуу кол салууларды болтурбоо, терроризмге, расалык дискриминацияга каршы күрөшүү маселелери бар.

Бир канча күн мурун БУУнун Башкы ассамблеясы 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн максаты боюнча күн тартибин кабыл алган. Аталган программа "Миң жылдыктын максаты" программасын алмаштырат.

Тема боюнча

Серепчи: БУУнун Башкы Ассамблеясы дүйнө үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болушу ыктымал
Премьер БУУ өкүлү менен парламенттик шайлоо баш болгон бир нече маселени талкуулады
Белгилер:
Тышкы иштер министрлиги, Бириккен Улуттар Уюму, Эрлан Абдылдаев, Нью-Йорк

ЭҢ МААНИЛҮҮ