БШК: партиялардын үгүт убагында бири-бирин каралабай иштегени кубандырат

© flickr.com / Jonathan BrodskyКатуу сүйлөгүч. Архив
Катуу сүйлөгүч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан үгүт өнөктүгү тынч өткөнү менен майда-чүйдө ката-кемчиликтер ар дайым аныкталып жатканын комиссия мүчөлөрү белгилешти.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Алдыда боло турган парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын үгүт өнөктүгү тынч өтүп жатканын Sputnik агенттигине Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди.

Жогорку кеңештин кийинки чакырылышындагы мандат үчүн күрөшкө катышып жаткан 14 саясий партия 4-сентябрь күнү үгүт өнөктүгүн баштаган. 3-октябрда кампания аяктап, тынтык күнү болот.

Бекбасаровдун айтымында, буга чейин БШК тарабынан катталган мыйзам бузуулар тууралуу эскертүү берилип, жолго коюлду.

"Алтын партия финансылык документтердеги кемчиликтерин оңдоду. Бул партиянын шайлоо жарышынан четтете турган олуттуу мыйзам бузуулар эле", — деди БШК мүчөсү.

Бекбасаров "Аалам" партиясы БШКнын аракетине каршы доо арыз менен сотко кайрылып, биринчи инстанциядан утулуп калганын белгиледи.

"Борбордук шайлоо комиссиясы баланын сүрөтү тартылган плакатты алып салуусу керек эле, анткени бул орой мыйзам бузуу болуп саналат. Учурда мындай сүрөттүн бардыгы алып салынды", — деди ал.

БШК мүчөсү үгүт өнөктүгүнүн токтоо мүнөздө өтүп жатканы кубандырарын жашырган жок. Азырынча саясий партиялардын атаандашын каралаган же "Бир Бол" менен "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын өкүлдөрүнүн ортосундагы пикир келишпестикти эсепке албаганда, талапкерлердин бири-бирине кол көтөргөн учурлары каттала элек. 

"Албетте, майда-чүйдө эреже бузуулар бар. Мунун баарын аймактык шайлоо комиссиялары каттап жатат. Ошонун негизинде биз партияларга эскертүү берип жатабыз", — деди Бекбасаров.

БШКнын акыркы маалыматы боюнча бүгүнкү күндө партиялардын чыгымы 497 миллион сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0