ТИМ: кореялык элчиге мамлекеттин ички ишине кийлигишпөөсү тууралуу эскертүү берилди

© flickr.com / Republic of KoreaКорея мамлекетинин желеги. Архив
Корея мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик тарабынан эл аралык укуктун ченемдерин сактоо зарылдыгын көңүлгө алуу керектиги белгиленди. Кореялык дипломатка өкүлчүлүк жайгашкан мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертүү берилди.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Корея Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Джонг Бёнг Ху мырзага Тышкы иштер министрлиги эскертүү бергенин аталган мекеме кабарлады.

АКШнын КРдеги убактылуу элчисине каршылык нотасы тапшырылды
Билдирүүгө ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарына элчинин "Бүтүн Эмгек Кыргызстан" партиясына добуш берүүгө үгүттөгөн макаласы жарыяланган. Мындан улам министрлик дипломатты чакырып, Кыргызстандын шайлоо процесси жана мыйзамдары тууралуу түшүнүк берди. 

Ошондой эле министрлик тарабынан эл аралык укуктун ченемдерин сактоо зарылдыгын көңүлгө алуу керектиги белгиленди. Кореялык дипломатка өкүлчүлүк жайгашкан мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертүү берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0