Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстанга иш сапары менен келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Тажикстанда
Президент Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Тажикстанда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев Душанбе шаарында Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-сентябрда, Тажикстандын Душанбе шаарына иш сапары менен келди.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Атамбаев ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0