Президент Атамбаев ЖККУ сессиясына катышуу үчүн Тажикстанга кетти

© Пресс-служба президента КРА.Атамбаев иш сапарына кетүүдө. Архив
А.Атамбаев иш сапарына кетүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Тажикстанга учуп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында президент Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун кезектеги сессиясына катышат.

Мындан тышкары, Атамбаев Россия президент Владимир Путин жана Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0