Атамбаев: шайлоонун таза өтүшүнө өкмөт жетекчилиги керт башы менен жооп берет

© Sputnik / Табылды КадырбековВизит президентаТуркмении Гурбангулы Бердимухамедова в Кыргызстан
Визит президентаТуркмении Гурбангулы Бердимухамедова в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент шайлоого катышып жаткан партия лидерлери аларга жүктөлгөн жоопкерчиликти да сезиши керектигин белгиледи. Анын айтымында, укук коргоо органдары бардык мыйзамсыз аракеттерге чечкиндүү бөгөт коёт.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Алдыда боло турган парламенттик шайлоонун таза жана ачык өтүшүнө өкмөт жетекчилиги керт башы менен жооп бере турганын президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынында билдирди.

Атамбаев: парламенттик шайлоону таза өткөрсөк, президенттик шайлоодо маселе жаралбайт
Бүгүн, 10-сентябрда өлкө башчысынын жетекчилиги алдында Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, күн тартибиндеги маселелердин бири катары 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого даярдык талкууланды.

Жыйын жүрүшүндө БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов шайлоого карата даярдык иштери аягына чыгып калганын, учурда шайлоочулардын тизмеси такталып жатканын билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүнкү күндө шайлоочулардын саны 2 миллион 614 миң адамы түзгөнүн, учурда жаңы жабдууларды тестирлөөдөн өткөрүү аракети соңуна чыгып калганын белгиледи.

Муну менен бирге чиновниктер даярдык иштеринин техникалык мүнөздөгү кемчиликтер жакын арада жоюлуп, шайлоо жогорку деңгээлде өтө турганына ишендиришти.

Президент парламенттик шайлоого даярдык иштери жакынкы күндөрү аягына чыгышы керектигин талап кылды.

"Өкмөт жетекчилиги шайлоонун өтүшүнө керт башы менен жооп берет. Биз жыйынтыгынан эч ким күмөн санабаган таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө милдеттүүбүз. Бийликке эл тандаган, элдин ишенимине татыган адамдар келиши керек", — деди өлкө башчы.

Атамбаев шайлоо процессине бийлик кийлигишпей турганын, ошону менен мыйзамсыз аракеттерге кескин чаралар көрүлө турганын белгиледи. 

"Ошол эле учурда шайлоого катышып жаткан партия лидерлери аларга жүктөлгөн жоопкерчиликти да сезиши керек. Алар да шайлоонун таза өтүшүнө кызыкдар. Укук коргоо органдары бардык мыйзамсыз аракеттерге чечкиндүү бөгөт коё турганын эскертем", — деди президент.

Алдыда боло турган шайлоонун тарыхый зор маанисин белгилеген өлкө башчысы шайлоого катышуучулардын да, добуш берүүчүлөрдүн да арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектегин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0