Ирандын президенти Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев прибыл в Исламской Республике Иран
Президент Алмазбек Атамбаев прибыл в Исламской Республике Иран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулганына 23 жыл болду.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik.  Президент  Алмазбек Атамбаев  Ирандын президенти Хасан Роухани менен өлкөлөр арасында  кызматташууну сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө, өнүктүрүүнүн жаңы баскычына чыгарууга макулдашты.

Атамбаев Кыргызстан менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери 23 жыл өткөнүн,  бул мезгилде саясый, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу  кызматташуу орнотулганын эске салды.

"Кыргызстан менен Ирандын ортосунда  кыргыз-иран кызматташуусунун ырааттуу өнүгүшүнө тоскоол болгон эч кандай пикир келишпестиктер жана талаш маселелер жок", — деди  мамлекет башчысы.

Президент  Иран элин ирандык өзөктүк программа  боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы жана тарыхий документ — "Ирандын өзөктүк программанын тегерегиндеги  кырдаалды жөнгө салуу боюнча  аракеттенүүнүн бардыгын камтыган пландын" кабыл алынышы менен куттуктады.

"Иран жетекчилигинин саясий эрки болбогондо мындай маанилүү документке кол коюлмак эмес. Бул планды ишке ашыруу  Ирандын экономикалык өнүгүүсүнө, аймакта гана эмес, жалпы дүйнөдө  стабилдүүлүктүн, коопсуздуктун чыңдалышына өбөлгө болот деп ишенем. Ушул пландын кабыл алынышы, ошондой эле Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу менен өз ара аракеттенишүүнүн жаңы мейкиндиктери ачылып жатат", — деди Атамбаев.

Хасан Роухани  "Иран ядролук программа боюнча макулдашууга жетишүү  Иран үчүн  Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүгө жол ачаарын" белгиледи.  

Атамбаев  Ирандын президентине Кыргызстанга расмий визит менен келип кетүүгө чакырып, Хасан Роухани  ал сунушту кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0