Партиялардын бюллетендердеги катар номурлары белгилүү болду

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүБюллетень тизмелери. Архив
Бюллетень тизмелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партиялар өздөрүнүн номурларын БШКда чүчү кулак жолу менен тандашты, буга ЖМКлар көз салып турушту.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясында партиялар шайлоочулар добуш бере турган бюллетендерде канчанчы номур менен жайгаша тургандыгын чүчү кулак кармоо жолу менен аныктап алышты. 

 Добуш берүүнүн жыйынтыгында бюллетенде партиялар төмөнкүдөй катар номур менен жайгаша турган болду:

  1. "Аалам — партиясыздардын партиясы";
  2. "Ар-Намыс";
  3. "Замандаш";
  4. "Азаттык";
  5. "Республика Ата-Журт";
  6. "Ата Мекен";
  7. КСДП;
  8. "Өнүгүү-Прогресс";
  9. "Кыргызстан элдеринин конгресси";
  10. "Улуу Кыргызстан";
  11. "Бүтүн Кыргызстан – Эмгек";
  12. "Бир Бол";
  13. "Мекен Ынтымагы";
  14. "Кыргызстан".

Парламентке шайлоолор 2015-жылдын 4-октябрында өтөт, бул жумада үгүт кампаниясы башталды. 3-октябрь — шайлоо алдындагы "Жымжырттык күнү". 

Жаңылыктар түрмөгү
0