Атамбаев Иранга расмий иш-сапар менен учуп кетти

Жазылуу
Иш сапар Иран менен эки тараптуу кызматташууларды тереңдетүүгө, андан сырткары ала-катнаштын жаңы жактарын ачууга багытталган.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Иранга расмий сапар менен учуп кетти. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Эксперт: Ирандын айланасында түзүлгөн кырдаал Кыргызстанга пайда алып келет
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин бул иш сапарынын алкагында Иран президенти Хасан Роухани менен эки тараптуу кызматташуу боюнча бир нече документтерге кол коюлат.

Андан сырткары Атамбаев Ирандын мажилисинин спикери Али Ларижани жана өлкөнүн руханий лидери Али Хосейни Хаменеи менен жолугат.

Атамбаевдин бул иш сапары Иран менен эки тараптуу кызматташууларды тереңдетүүгө, андан сырткары ала-катнаштын жаңы жактарын ачууга багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0