Депутаттыкка аттанган талапкерлердин 252синин артында калбыры бар

Жазылуу
Ички иштер министрлиги 4-октябрда боло турган шайлоого аттанган талапкерлердин кылмыш жоопкерчилигине тартылып-тартылбаганын текшерди.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Сот жообуна тартылган-тартылбаганын аныктоо үчүн Ички иштер министрлигине Борбордук Шайлоо комиссиясынан Жогорку Кеңешке депутат болууну каалаган 14 саясий партиянын тизмеси келип түшкөн.

4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого 14 саясый партия катышат

Тизме боюнча ИИМ тарабынан жалпысынан 2210 киши текшерилген. 

 

  • Анын ичинен 234 киши кылмыш жоопкерчилигине тартылса, алардын 53үнө сот чечими чыгарылган эмес.
  • 15 киши ИИМдин атайын каттоосунда турат.
  • Үч кишиге издөө салынган.

 

Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкер болгондордун текшерилгени боюнча маалымат БШКга жөнөтөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0