БШК айрым жарандарга каттоосу жок участкадан добуш берүүгө уруксат берди

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүШайлоо участкасында документ текшерүү. Архив
Шайлоо участкасында документ текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК мүчөсү Рашид Бекбасаровдун айтымында, аймактык шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү жана байкоочулары өзү катталбаган участкадан добуш бере алышат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, саясий партиялардын өкүлдөрү жана участкада коопсуздук көзөмөлүндө турган кызматкерлер жашаган жери боюнча эмес, иштеп жаткан жеринен добуш берүүгө акылуу экенин БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага 14 саясий партия катышат.

Бекбасаровдун айтымында, жогоруда аталган жарандар шартка жараша жана кызматына байланыштуу гана башка жерден добуш берүүгө уруксат алышты.

"Мындай чечим алардын шайлоодо өз милдетин так жана толук аткаруусу үчүн кабыл алынды", — деди БШК мүчөсү.

Бекбасаров шайлоого чейин алар катталган жеринен өзүн тизмеден текшерип, башка жактан добуш бере турганы тууралуу билдириши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0