БШК шайлоо алдында саясий партияларды окутту

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүДептерге жазган киши. Архив
Дептерге жазган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов партия өкүлдөрүнөн шайлоочулардын тизмесине өзгөчө көңүл бурууну суранды.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган партияларга эртең баштала турган үгүт иштери, отчеттуулук жана шайлоодогу талаш маселелерди жөнгө салуу боюнча семинар өткөрдү. 

Аларга добуштарды автоматтык түрдө санац турган урналардын кандай иштерин көрсөтүп беришти. 

БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов партия өкүлдөрүнөн шайлоочулардын тизмесине өзгөчө көңүл бурууну суранды.

"Ар кимиңиздер өз партияларыңыздарга добуш берүүгө үгүттөп жатканда, ар бир шайлоочу тизмеде бар-жогун тактап алуусу керектигин элге сөзсүз айтыңыздар", — деди Абдраимов.

Партия өкүлдөрүнө БШКнын төрт мүчөсү үгүт иштерин мыйзамдуу жүргүзүүнүн жол-жоболорунан тарта, ар кыл юридикалык жагдайларга чейин айтып беришти. 

Андан сырткары, партия өкүлдөрүнө Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери шайлоочулардын тизмеси жана биометрикалык маалыматтар боюнча, алардын аты-жөнүн тактоо боюнча маалымат беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0