Аял жетекчи Отунбаева, "өлдү" делген Конгантиев, июнь окуялары же Клинтондун каттары

© AFP / KENA BETANCURХиллари Клинтон. Архив
Хиллари Клинтон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элге чыгып кеткен маалыматтарда кенен отчеттор, Ош тополоңунан кийинки кырдаал боюнча серепчилердин баалары жана бизди Африка өлкөлөрүнө катар койгон каттар камтылган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Хиллари Клинтондун ачыкка чыгарылган каттарында Кыргызстан боюнча америкалык серепчилердин, юристтердин отчеттору, РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрү жөнүндө айтылат. 

АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйшөмбү күнү өлкөнүн мурдагы мамлекеттик катчысы жана президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун электрондук кат алышууларынын 7 миңден ашык бетин ачыкка чыгарган. Конфиденциалдуу маалыматтарды камтыган 150 миң кат эми жашыруун болбой калды. 

Сотрудники МВД - Sputnik Кыргызстан
Америка жараны Ошто диний абал туурасындагы маалымат топтоп жүргөн жеринен кармалды
Клинтон 2010-жылдан бери жиберген же алган каттардын 23үндө Кыргызстан туурасында кеп болгон. Анын төртөөндө нью-йорктук белгилүү юрист Скотт Хортондун (Scott Horton) Кыргызстанга келиши тууралуу айтылат. Ал Клинтондун үй-бүлөлүк кеңешчисине "Кыргызстанда кескин каатчылык жана кеңештер жөнүндө жазуулар" деген белги менен отчет жиберип, аларды кеңешчи Сидней Блументаль  Хиллари Клинтонго кайра жөнөтүп турган. 

Каттарда Хортондун Кыргызстанга келгендеги иши жөнүндө кенен отчет камтылып, республиканын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуудан кийинки абалга баа берилген.

Ошондой эле чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча Убактылуу өкмөттүн көз карашы баяндалып, Ганси атындагы базанын ролу жөнүндө айтылган. Эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда референдум өткөрүү жана мамлекетти калыбына келтирүү үчүн кийинки кадамдар боюнча кеңештер айтылган. Убактылуу өкмөттүн башчысы катары Роза Отунбаеванын ролу туурасында сөз болгон. 

Дагы төрт катта Клинтондун РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров менен сүйлөшкөнү эскерилет. Алар Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалдын андан ары өрчүшүн, гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен кадамдарды, өлкөдөгү тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн колдоо көрсөтүүнү сүйлөшкөн. Ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЕККУнун колдоосу менен референдум өткөрүү маселесин да талкуулашкан. 

Күнөстүү шаардын күйүттүү трагедиясы. Июнь коогалаңына беш жыл
Жети катта Клинтон дүйнөлүк эң ири маалымат агентиктеринин жана "Рейтердин" макалалары жана баяндамалары менен бөлүшкөн. Алардын бири Ассошиэйтед Пресс агенттигинин мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин өлтүрүлгөнү жөнүндө макаласы болгон. Анда оппозициялык канаттын мүчөсү Шамил Мурат Талас шаарынын администрациясына чабуул коюу учурунда элдин тепкисине калып каза болгон Конгантиевдин жансыз денесин көргөнү туурасында айтылган.

Айрым каттарда АКШнын башка өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда ордун бекемдөө боюнча серепчилердин кенен отчеттору берилет. Алардын биринде Кыргызстан Гаити, Судан, Сомали менен катар "тынчтык өтө эле бекем эмес, олку-солку абалда турган" өлкө жана демократияны алдыга жылдыруу үчүн объект катары эске алынган Хилари Клинтондун өзүнүн  отчету берилет. 

"Kyrgyzstan update" жана "Конфиденциалдуу" деген белгилер астындагы каттарда текст түрүндөгү билдирүүлөр жок. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Марк Тонер шейшемби күнү жашыруун маалыматтар камтылганына байланыштуу 150дөн ашык кат кайра иштетилип чыкканын билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0