"Ата Мекендин" издөөгө алынган талапкерин БШК каттоого алышы мүмкүн

Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы мыйзамсыз паспорт берген деп шектелүүдө. Буга чейин өкмөт башчысы Темир Сариев аны ээлеген кызматынан кетирген болчу.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. "Ата Мекен" саясий партиясы кылмыш иш козголгон талапкерин тизмеден чыгарганга укуктуу экенин БШКнын жетекчиси Туйгуналы Абдраимов издөөгө алынган Дүйшөн Сатыбалдиев боюнча түшүндүрмө берип жатып билдирди.

ИИМ "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Сатыбалдиевге издөө жарыялады
ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, Сатыбалдиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Ал чет жактан депортацияланган Кыргызстандын жарандарына жасалма паспорт берүүгө тийиштиги болушу мүмкүн деп шектелип жатат. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы кылмыш ишинин ачылышы партиянын депутаттарын каттоого алуудан баш тартууга себеп болбой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0