БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбеков "Ар-Намыска" кетти

Жазылуу
Кадырбеков Жогорку Кеңештин шайлоосуна аттангандыктан кызматынан кетип жатканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков кызматынан кетип жатканы тууралуу арыз жазганын БШК билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай кадамга Кадырбековдун "Ар-Намыс" партиясынын курамында парламенттик шайлоого баруусу себеп болгон. Талапкерлердин тизмесинде Кадырбеков 14-орунда турат.

Кийим илгич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы Каттоо кызматынын жетекчилеринин бирин кызматтан алды
КРдин "Жогорку Кеңешке шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 21-беренесине ылайык, ЖК депутаттары жана президенттен башка мамлекеттик саясий, администрациялык жана муниципалдык кызматтарды аркалаган же жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген талапкерлер каттоо мөөнөтүнөн баштап шайлоонун жыйынтыгы аныкталганга чейин өз кызматтарынан четтетилет.

Аталган мыйзамдын негизинде премьер-министр Темир Сариев дүйшөмбү күнү парламенттик шайлоого бара турган атка минерлерди акыркы жыйынтык чыкканга чейин кызматын бошотуп берүүгө чакырган.

Бүгүнкү күндө иштен кетүү арызын каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев, Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев менен Материалдык резервдер фондунун башчысы Шералы Абдылдаев жазган. 

Өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына дайындалган. Расмий үгүт иштери 4-сентябрдан тарта башталат. Шайлоого учурда 27 партия катыш тургандыгын расмий билдирди. БШКга беш миллион сомдук шайлоо күрөөсүн сегиз партия төгүп, төрт партия ЖКга талапкерлердин тизмесин каттатты.

Жаңылыктар түрмөгү
0