Премьер шайлоого катыша турган аткаминерлердин иштен бошонушун кайрадан талап кылды

Жазылуу
Өкмөт башчынын айтымында, мындай чара күздөгү шайлоонун бардык талапкерлер үчүн бирдей өтүшүн шарттайт.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев 2015-жылдын күз айындагы парламенттик шайлоого катыша турган аткаминерлердин кызмат ордун бошотушун кайрадан талап кылды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин өкмөт башчы мамлекеттик кызматта иштегендерди шайлоо боюнча расмий компания башталары менен ордун бошотуу талабын койгон. 

Кийим илгич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы Каттоо кызматынын жетекчилеринин бирин кызматтан алды
Өкмөт бул боюнча каржы министри Арзыбек Кожошев отставкага кеткендигин билдирди. Андан сырткары, дагы эки аткаминер — Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев менен Материалдык резервдер фондунун башчысы Шералы Абдылдаев иштен бошотулду.

Өкмөт башчынын айтымында, мындай чара күздөгү шайлоонун бардык талапкерлер үчүн бирдей өтүшүн шарттайт.

Өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына дайындалган. Расмий үгүт иштери 4-сентябрдан тарта башталат. Шайлоого учурда 27 партия катыш тургандыгын расмий билдирди. БШКга беш миллион сомдук шайлоо күрөөсүн сегиз партия төгүп, төрт партия ЖКга талапкерлердин тизмесин каттатты.

Жаңылыктар түрмөгү
0