"Мекен ынтымагы" партиясынын көч башына экс-чиновниктер жана ишкерлер турду

Жазылуу
Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясына "Ата Мекен" жана "Бир Бол" партиялары өз тизмелерин расмий тапшырды.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кезектеги съездин өткөргөн "Мекен ынтымагы" саясий партиясы шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин тизмесин бекитти.

Ага ылайык, тизменин сап башында төмөнкүдөй экс-чиновниктер жана ишкерлер турат:

 

  1. Темирбек Асанбеков, партия лидери, ишкер, Россиядагы мигранттар менен иш алып барат;
  2. Ачахан Тургунбаева;
  3. Шейшенбек Байзаков, МЖАК мурунку жетекчиси;
  4. Талант Магамбетов;
  5. Элмира Турусбекова;
  6. Мира Жангарачева — мурунку вице-премьер-министр;
  7. Абдимавлян Абдезов;
  8. Ибраим Балтабаев — жеке ишкер;
  9. Турсунбек Күрөңкеев;
  10. Замира Ибраимова.

 

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясына расмий түрдө "Ата Мекен" жана "Бир Бол" партиялары өз тизмелерин тапшырды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0