"Азаттыктын" биринчи ондугундагы Исаков, Бакир уулу жана Мамырова

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүИсмаил Исаков. Архив
Исмаил Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партиялык тизменин биринчи ондугуна ЖК депутаттары Бөдөш Мамырова, Турсунбай Бакир уулу, Курманбек Осмонов, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана экс-министр Равшан Сабиров кирди.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Азаттык" демократиялык партиясы өз съездинде Жогорку Кеңештин шайлоосуна катыша турган талапкерлердин алдын ала тизмесин жарыялады.

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген. Партиялар 20-августка чейин өз тизмелерин БШКга бериши керек. Биринчилерден болуп комиссияга тизмесин "Ата Мекен" партиясы тапшырды.

Өмүрбек Текебаев – партия лидери, Ата Мекен фракциясынын жетекчиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекен" биринчилерден болуп БШКга талапкерлердин тизмесин берди
Партия тизмесинин биринчи ондугуна ЖК депутаттары Бөдөш Мамырова, Турсунбай Бакир уулу, Курманбек Осмонов, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана экс-министр Равшан Сабиров кирди.

Талапкерлердин арасында журналист Дайырбек Орунбеков жана экс-элчи Мамбетжунус Абылов бар. Тизмеде 120дан ашуун талапкер катталган.

Буга чейин парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесин "Республика — Ата Журт", "Ар-Намыс", "Бир Бол", "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" жана КСДП партиялары жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0