"Ата Мекен" биринчилерден болуп БШКга талапкерлердин тизмесин берди

© Фото / Пресс-служба ЖК КРӨмүрбек Текебаев – партия лидери, "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси. Архив
Өмүрбек Текебаев – партия лидери, Ата Мекен фракциясынын жетекчиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Талапка ылайык, партиялар шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесин БШКга 20-августка чейин бериши керек.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Ата Мекен" саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бергенин Sputnik агенттигине БШК билдирди.

Расмий тизме партиянын съездинде бекитилген тизмеден айырмаланбайт.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого аттанган "Ата Мекен" партиясынын тизмесинин алдыңкы ондугу төмөнкүдөй болду:

 

  • Өмүрбек Текебаев, партия лидери, "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси;
  • Садык Шер-Нияз, кинорежиссер;
  • Мелис Мырзакматов, Ош шаарынын соттолгон экс-мэри;
  • Аида Салянова, эск-башкы прокурор;
  • Наталья Никитенко, ЖК депутаты;
  • Жоомарт Оторбаев, экс-премьер-министр;
  • Жоомарт Сапарбаев, ЖК депутаты;
  • Бахадыр Сулейманов, ЖК депутаты. 2010-жылы парламентке "Ата Журт" партиясынан келген;
  • Айсулуу Мамашева, "Дасмия" этнокомплексинин президенти;
  • Сайдулла Нышанов, ЖК депутаты.

Мындан тышкары, парламенттик орун үчүн аталган партиянын курамында мурунку адилет министри Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаттары Асия Сасыкбаева, Каныбек Иманалиев, Абдимуктар Маматов жана эсеп палатасынын мурунку жетекчиси Искендер Гайпкулов ат салышат.

Партиянын расмий тизмесинде 200 талапкер катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0