Сариев депутаттыкка талапкер атка минерлерди кызмат ордун бошотууга чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин "Жогорку Кеңешке шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 21-беренесине ылайык, ЖК депутаттары жана президенттен башка мамлекеттик саясий, администрациялык жана муниципалдык кызматтарды аркалаган же жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген талапкерлер катталган мөөнөтүнөн баштап шайлоонун жыйынтыгы аныкталганга чейин өз кызматтарынан четтетилет.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев парламенттик шайлоого катыша турган мамлекеттик кызматтагы талапкерлерди кызмат ордун бошотууга чакырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. 

Казы Арипов: хижап кийүүдө жергиликтүү элдин үрп-адатын эске албай коюу туура эмес
Анын айтымында, мындай чара бардык талапкерлердин тең укуктуулугун камсыздайт.

КРдин "Жогорку Кеңешке шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 21-беренесине ылайык, ЖК депутаттары жана президенттен башка мамлекеттик саясий, администрациялык жана муниципалдык кызматтарды аркалаган же жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген талапкерлер катталган мөөнөтүнөн баштап шайлоонун жыйынтыгы аныкталганга чейин өз кызматтарынан четтетилет. Мында алардын орточо айлык акысы сакталат.

"Өкмөт башчысы тиги же бул мекеменин ишин үзгүлтүккө учуратпоо жана бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген талапкерлерди жумуш ордун бошотуп берүүгө чакырат", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канат Исаев, Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Таалай Масабиров жана Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев партиялык тизме менен шайлоого катышуу үчүн кызматтарынан кетүү жөнүндө арыздарын жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0