КСДПнын алдыңкы ондугуна спикерлер, фракция лидери жана маалымат катчы кирди

© Фото / пресс-служба ЖК КРЧыныбек Турсунбеков. Архив
Чыныбек Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги жакын адамдарынын бири, президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Ильмиянов тизмеге элүүнчү болуп кирди.

БИШКЕК, 17-авг — Sputnik. КСДП XIV съездин бүгүн өткөрүп, тизмеге кирген 130 талапкерди жарыя кылды. 

Партиянын биринчи ондуктагы тизмесин ЖКнын V чакырылыштын спикери, Бишкек шаардык кеңешинин спикери, президенттин маалымат катчысы жана мурдагы депутаттар толуктады.

  • Чыныбай Турсунбеков — КСДП фракциясынын лидери, ишкер;
  • Асылбек Жээнбеков — ЖКнын спикери;
  • Данияр Аттокуров — Апрель революциясынын катышуучусу;
  • Галина Скрипкина — ЖК депутаты;
  • Марат Аманкулов — Бишкек шаардык кеңешинин спикери;
  • Маннонов Ильхом; 
  • Жанар Акаев – президенттин маалымат катчысы;
  • Бианки Маралбү; 
  • Мээрбек Мискенбаев — Апрель революциясынын катышуучусу;
  • Дастан Бекешев — ЖКдагы "Ар Намыс" фракциясынын депутаты.

БШК: партиялар шайлоо фондундагы каражатына съезддерин өткөрүшү керек
Президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги жакын адамдарынын бири, президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Ильмиянов тизмеге 50-катар менен кирди. 

Тизмеде 11-орунда коррпуция боюнча иш козголуп, бирок, кийин акталып чыккан Бишкек шаарынын мурдагы мэри Иса Өмүркулов турат. Ал эми дагы бир спикер, 14-болуп Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов кирген. Анданы сырткары, ЖКдагы азыркы КСДПчылар Төрөбай Зулпукаров, Ирина Карамушкина, Акылбек Султанов, Абдыманап Кутушев, Акылбек Султанов, Нурбек Касымбеков, Жоошбек Сулайманов жана бир катар депутаттар бар.

Тизмени азыр башка фракциянын мүчөлөрү толуктады. Алардын арасында "Ата-Журтчулар" Өмүрбек Бакиров, Азамат Арапбаев жана Азиз Суракматов, "Ар-Намысчылар" Анвар Артыков, Кожобек Рыспаев, Бактыбек Жетигенов жана Айнуру Алтыбаева бар. 

Ата Мекен саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекенди" Текебаев жетектеп, тизменин биринчи ондугуна Салянова, Оторбаев кирди
Бул сапар КСДП 2005-жылы киши колдуу болуп каза тапкан, депутат жана ишкер Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы ишкер Эльвира Сурабалдиеваны 28-орун менен, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди 26-орун менен жана Мамлекеттик кадрлар кызматынын мурдагы жетекчисин Аалы Карашевди 47-орун менен катарына алды. 

Ал эми экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган иниси, Германиядагы Кыргызстандын мурдагы элчиси Болот Отунбаев 120-орунда турат.

Башка партиялар сыяктуу эле тизмеге мындан бир нече жыл мурда журналисттик кесипти аркалаган Жылдыз Мусабекова 24-орун, Жаркын Ибраева – 109-орун, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова 84-орун менен киргизилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0