Германиядагы кыргызстандык жарандардан биометрикалык маалыматы чогултулат

© flickr.com / Bandeira da AlemanhaГермания мамлекетинин желеги. Архив
Германия мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш күндөрү биометиркалык маалыматтарын тапшырууга мүмкүнчүлүгү жок жарандарды консулдук бөлүмдө дем алыш жана майрам күндөрү алдын ала жазылуу менен кабыл алуу демилгеси элчиликке тиешелүү.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Германия, Ватикан, Дания, Норвегия, Швеция жана Сан-Сарино Республикасынын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары биометрикалык маалыматтарды КРдин Германиядагы элчилигинде тапшырса боло тургандыгын Тышкы иштер министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, биометрикалык маалыматтар Берлин шаарында элчиликтин имаратында, Бонн шаарындагы элчиликтин бөлүмүндө жана Франкфурт-на-Майнедеги консулдугунда кабыл алынат.

Иш күндөрү биометрикадан өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандар элчиликтин демилгеси менен консулдук бөлүмдө алдын ала жазылуу менен эс алуу жана майрам күндөрү аталган маалыматтарды тапшыра алышат. 

Биометрикалык маалымат тапшыруу үчүн Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган паспорттун болушу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0