"Ар-Намыстан" Жогорку Кеңешке учурдагы 8 депутат жана экс-башкы прокурор ат салышат

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Ар-Намыс" саясий партиясынын лидери Феликс Шаршенбаевич Кулов. Архив
Ар-Намыс саясий партиясынын лидери Феликс Шаршенбаевич Кулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттеги орун үчүн "Ар-Намыс" саясий партиясынын талапкерлеринин алдын ала тизмесин Феликс Кулов жетектейт. Мындан тышкары, тизмеде экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов жана бир катар учурда иштеп жаткан эл өкүлдөрү бар.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. "Ар-Намыс" саясий партиясы өз съездинде курамына учурдагы он чакты депутат кирген талапкерлердин тизмесин түздү. 

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына белгиленди. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Канатбек Азиздин айтымында, партиялар 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин БШКга бериши керек.

Салтка айлангандай, "Ар-Намыс" партиясын уюмдун лидери Феликс Кулов жетектейт. Андан тышкары, тизмедеги алдыңкы ондукта:

 

  • Нурсултан Белеков;
  • Майрамбек Расулов, "Ар-Намыс" партиясынан учурдагы депутат;
  • Тасилкан Жумабаева;
  • Амамулло Иминов;
  • Эркин Тентишев;
  • Усен Шайназаров;
  • Татьяна Левина V чакырылыштын депутаты;
  • Эмиль Алиев, КР орто жана чакан энергетиканы өнүктүрүү боюнча дирекциянын директорунун орун басары, МКК мурдагы жетекчиси;
  • Кубатбек Байболов, ЖК эки чакырылышынын депутаты, ИИМ мурдагы жетекчиси жана экс-башкы прокурор бар.

 

Тизменин алдыңкы катарында учурдагы депутаттар Игорь Гусаров, Каныбек Осмоналиев, Эристина Кочкарова бар.

Өмүрбек Абдрахманов менен Равшан Жээнбеков 17 жана 18-орунду ээлешти.

Саясат таануучу Табылды Акеров 24-орунда болсо, "Кумтөр" компаниясынын мурунку топ-менеджери Керим Шатманов 28-орунда депутаттакка ат салышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0