Германия Кубадагы дипломатын Кыргызстанга элчи кылып жөнөттү

© flickr.com / Bandeira da AlemanhaГермания Кубадагы дипломатын Кыргызстанга элчи кылып жөнөттү
Германия Кубадагы дипломатын Кыргызстанга элчи кылып жөнөттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Августтун башында Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Мария Срэганын дипломатиялык миссиясы аяктаган болчу.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Германиянын жаңы элчиси Петер Рудольф Шольц тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугуп, ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев Германиянын элчисин мекенине узатты
Августтун башында Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Мария Срэганын дипломатиялык миссиясы аяктап, аны президент да кабыл алган.

Жолугушууда кыргыз-немис кызматташтыгынын келечеги талкууланды.

Эрлан Абдылдаев жаңы элчиге ийгиликтерди каалап, эки тараптуу кызматташуунун мындан ары өнүгүшүнө салым кошот деген тилегин билдирди.

64 жаштагы Петер Рудольф Шольц Кыргызстанга элчи болуп келгенге чейин акыркы ирет Германиянын Кубадагы, андан мурдараак Финляндия менен Чилидеги элчилик милдетин аткарган. Ошондой эле Мозамбик, Түштүк Африка республикасы сыяктуу башка мамлекеттерде да иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0