Атамбаев Ысык-Көлдө Назарбаев менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКазакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга жумушчу иш сапары менен келди.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга жумушчу иш сапары менен келди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн жетекчилери телекөпүрө аркылуу ЕАЭБ алкагында кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүн жоюу салтанатына күбө болот.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Мындан бир жума мурда Назарбаев ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен эң акыркысы болуп Кыргызстандын аталган интеграциялык уюмга кириши боюнча документтерди ратификациялаган. 

ЕАЭБ чек арасын Кыргызстан менен Казакстандын президенттери жана премьерлери ачат - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ чек арасын Кыргызстан менен Казакстандын президенттери жана премьерлери ачат
Кыргызстан президентинин аппаратынан Тамчы аэропортунда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевди мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев тосуп алгандыгын билдиришти. 

Эки өлкөнүн жетекчилери телекөпүрө аркылуу ЕАЭБ алкагында кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүн алып салуу салтанатына күбө болот.

ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта евразиялык интеграциянын алкагында Россия, Казакстан жана Белоруссия кирген Бажы Биримдигинин негизинде түзүлгөн экономикалык биримдик. Армения жыл башында ЕАЭБге кошулган. Биримдик ЕАЭБ өлкөлөрү арасында товарларды, капиталдарды жана эмгек ресурстарын ээн-эркин алып өтүүнү шарттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0